Президенттикке талапкер Садыр Жапаров журналист Майраш Базлакунова кеңири видеомаек куруп берди. Анда өлкөдөгү кырдаал, акыркы болуп өткөн окуялар, өзүнүн басып өткөн жолу, азыркы таптагы атаандаштары жана алдыда өтө турган шайлоолор тууралуу пикирин билдирди.
Садыр мырза өз сөзүндө «Мен тарыхтан сабак алдым. Мындан кийин кандай гана шайлоо болбосун, мейли эртеңки президенттик шайлоо болобу, андан кийин жазында, май айларында парламенттик шайлоо болобу, баардыгын таза өткөрөбүз. Муну мен ишендирип айтып кете алам. Анткени, шайлоо таза өтпөсө кайра төртүнчү революция да болушу мүмкүн», - деди.
Ооба, буга чейин өлкөбүздө бийликтин элдик толкундоолор менен алмашуусуна дал ушул шайлоолор башкы себеп болуп бергени белгилүү. Акаевдин, Бакиевдин бийлиги да шайлоолордун таза өтпөгөнүнө байланыштуу кулаган. Ушул жылдын октябрь айындагы тополоң да парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына болгон нааразычылыктардан улам болуп кеткенин билебиз. Эгерде Садыр Нургожоевич бул окуялардан сабак алганы чын болсо, анда 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоону элдин алаканында тургандай таза өтүүсүнө кызыкдар болушу керек. Ырас, азыр Жапаровдун жылдызы жанып турат. Бирок, ошол эле убакта жер-жерлердеги анын жолугушууларын жергиликтүү бийлик органдары да колдоп, жолугушуу өтө турган жерге килем төшөшүп, ат мингизип, чепкен жапкандарын коомчулук көрүп турат. Алтургай Ысык-Көл аймагына Садыр Жапаровдон башка бир дагы талапкерди киргизбейбиз дегендей коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатканын анын башкы атаандашы Адахан Мадумаров билдирип чыкпадыбы? Азыртадан эле кошоматка «кой союп», Садыр Жапаровду мактап-жактап жаткан, коррупцияга аралаштыгы бар саясатчылар да жүрөт. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Садыр мырзаны өтө аша чаап колдоп, башка талапкерлерди басынткан тарапташтары (көпчүлүгү фейк-троллдор) да болууда. Эгерде ушундай коркутуп-үркүтүүлөр, аймактардагы жергиликтүү бийликтердин тымызын колдоолору менен (административдик ресурс эмеспи?) жеңишке жетем деген ою болсо, анда ал тарыхтан сабак алганы чын болобу?
Журналист бүгүнкү күндө өлкөдөгү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери С. Жапаровдун партиялаштары, тарапташтары экенин белгилеп, алар шайлоонун жыйынтыгына таасир этишпейби дегендей суроону узатты. Ага Садыр мырза мындай деп жооп берди:
«Жок, сиз туура эмес айтып жатасыз. Менин тарапташтарым, же партиялаштарым эмес. Мен чыккан күндөн тартып, колума тийген, көз алдымда турган кадрлардын баарын алмаштырдым. Ошондо мен тарапташым, же партиялашым деп тандаган жокмун. Мен тандаганга мүмкүнчүлүгүм да болгон жок, ошого эс-тутумум да келген жок. Көз алдыма келген кадрларды баарын тең алмаштырып коюп, 2010-жылдагыдай кан төгүлүү болуп кетпесин, банктардан акчаларды чыгарып кетпесин, башаламандык болбосун, мародерчулук болбосун, үйлөргө барып талап-тоноочулук болбосун деп иш-аракеттерди кылып, ошол кадрларды койдум».
Тактап айтсак, журналист баш прокурор менен УКМК төрагасы тууралуу сураган болчу. Ошого Садыр Нургожоевич ушинтип жооп берди. Демек, ошондо Камчыбек Ташиев анын «Мекенчил» партиясын баштап парламенттик шайлоого барганы калп болуп калабы? Ал эми Курманкул Зулушев Атамбаевдин убагында С. Жапаров, Т. Мамытов жана К. Ташиевди актап түрмөдөн чыгарганы белгилүү. Ошондон кийин алар тарапташ болуп калышкан. Муну да жалган дейби?
Садыр Нургожоевич президент болуп шайланып келгенден кийин баары бир парламенттик башкаруу формасы менен иш алып баруу ниети жок экенин да билдирип алды. Журналисттин «Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум да өткөнү турат. Ошондо эл парламенттик башкарууга басым жасап койсо, сиздин кадамыңыз кандай болот?» деген суроо узатты. Ага Садыр мырзанын жообу бул болду: «Элдин пикирин сезип турам, президенттик башкарууга барабыз дейт. Көпчүлүгү баары бир ошону колдойт деп ишенип турам».
Эгерде алдын-ала эле элдин пикирин сезип жаткан болсо, анда референдум өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле? Эгерде эл парламенттик башкаруу системасын тандай турган болсо, ошол багытта иштөөгө да бара ала турганын эмнеге айткан жок?
«Кумтөрдү» мурда алам деп жатты эле, эми албай калды» деп айтып жатышпайбы? «Кумтөрдү» бир эле күндө барып алып койчу маселе эмес. Муну караш керек, текшериш керек. 2012-жылы мен күнү-түнү дебей иштеп, төрт айда текшерип бүткөнмүн. Анан бүгүн келе калып эле «Кумтөрдү» мен алам дегеним туура эмес да. Мен үчүн эле эмес, мамлекет үчүн туура эмес. Ар бир ишти жети өлчөп, бир кесиш керек. Ошондуктан көрөлү, текшерели, бүгүнкү күндө абалы кандай, канча запас бар, экономикалык абалы кандай, экологиялык абалы кандай, ошонун баарын текшерип көрүп туруп анан чечим кабыл алабыз», - деди Жапаров «Кумтөр» маселеси боюнча. Демек, ал бул маселени дагы деле четте калтырбай турганын түшүндүк. С. Жапаров калың кыргыз элине саясатчы катары да дал ушул «Кумтөр» маселеси менен таанылган. Андыктан анын түрмөдөн чыгып, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алганда «Кумтөрдү» эми мамлекетке алыштын кереги жок. Анда алтын деле калбай калды» кыязында сүлөгөнү коомчулукка жага берген эмес. Ошондо эле ал «Убакыт бериңиздер, баарын текшерип көрүп, анан чечим кабал алабыз» десе, эч ким эч кандай сын айтпайт болчу.
Садыр Жапаров дагы бир президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев менен дебатка баруу ниети жок экенин да ушул маекте билдирди.
«Эгерде жөн эле ушак айтышыш үчүн чакырса, барыштын кереги жок. Эгерде саясий жактан, же болбосо экономикалык жактан кандай өнүгөбүз деген темада чакырса барса болот. Анан барып алып эле илгерки эле ушак сүйлөп отургандын кереги жок да. Мен андайды көп жактыра бербейм. Сен минткенсиң, анан тигинткенсиъ, мурда кайда жүрдүң эле, мурда минтип койбойт белең деген сөздөрдү мен көп жактыра бербейм», - деди ал. Тескерисинче, ушул дебат уюштурула турган болсо элге да кызык болмок. Садыр мырза үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Себеби, анын Атамбаевдин убагында саясий куугунтукка кабылышын иш жүзүндө аткарган Абдил Сегизбаев эмес беле? Дебатка келип, эмне себептен, кандай тапшырма менен ал өзүн куугунтукка алганын сурап, андан сырткары өзүнүн ичинде катылган көптөгөн суроолорун берип алса болбойт беле?
С. Жапаров кыргыз саясатында жүргөндөр тууралуу эң туура айтты. «Адегенде Акаевчилер болчу, анан Акаевчинин баары Бакиевчи болду, андан кийин бир жарым жыл баары Отунбаевачы болушту, анан баары Атамбаев-Жээнбековчу болду. Эми президенттик шайлоодон кийин балким алар Садыровчу болуп калуулары мүмкүн», - деди. Демек, Садыр Нургожоевич кыргыз саясатчыларынын кубулма жузүн жакшы билет. Андыктан азыркы тапта анын айланасына топтолуп алып «Сиз эле кыйынсыз» деп жаткандардан өтө сак болушу керек. Ошол мурдагы бийликтердин баарына кызмат өтөп келгендердин көпчүлүгү азыр «Садыр Жапаровдун пайдасы үчүн талапкерлигимди койгон жокмун же талапкерлигимди алып койдум» деп жүрүшөт. Бийликке келердин алдында кимдин жылдызы жанып жатса, ошонун айланасына топтолгондор, жылдызы өчкөндөн кийин тез эле көздөн кайым болуша турганын түшүнүүсү маанилүү.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)