Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Конституциялык кеңештин деңгээлин парламентке теңеп койду, - Турсунбек Акун

16.03.2021 16:08
1640
Садыр Жапаров Конституциялык кеңештин деңгээлин парламентке теңеп койду, - Турсунбек Акун


Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип, президент Садыр Жапаровдун “Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору Конституциялык кеңешме, жоопкерчилик аларга жүктөлгөн” деп айтканы боюнча өзүнүн пикирин билдирди.


- Президенттин минтип айтканы туура. Парламент Конституциянын автору боло албаса, жаңы редакциясын татыктуу иштеп чыга алышпаса, кеңешме иштеп чыккан вариантына үтүр да, чекит да коё албаса, анан албетте кеңешменин мүчөлөрүн автор деди да. Муну менен өлкө башчы Конституциялык кеңешти парламенттин деңгээлине теңеп койду. Эгерде долбоорду профессионал мыйзам чыгаруучу катары депутаттар иштеп чыкканда, автору ошолор болмок. Керек болсо эл өкүлдөрү биз киргизген долбоорду оңдой алышкан жок, сунуш гана беришти. Алардын колунан эч нерсе келбегендиктин бизди алып барып, Жогорку Кеңешке теңешти. Тескерисинче, депутаттар 1,5 ай кабыл албай бут тосушту, референдумга араң өткөрдү. Ошондуктан иштеп чыгуучу катары автору биз, референдумда колдоо тапса эл, анан кабыл алуучу катары Жогорку Кеңеш эсептелет. Бирок бул жерде парламенттин аты эле пайдаланылды.


- Жаңы Баш мыйзамдын авторлорунун бири экениңизге сыймыктанасызбы?


- Албетте, сыймыктанам. Эмне үчүн сыймыктанбайт экенмин? Жөн эле эмес, активдүү мүчөсү болгонума сыймыктанам.


- Бут тосуулар болду деп калдыңыз, ага эмне себеп болду деп ойлойсуз?


- Референдум өткөрүүгө каршы болгон 7-8 депутаттын артында Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев турат. Алардын партиясынан шайланган депутаттар бар. Мына ошолор каршы чыгышты. Анткени алардын партияларына келип аткан булактар буулду. Алар уюштуруп жүрчү кадрдык башаламандык токтоту, тайраңдаган заман бүттү. Азыр мыйзамдуулукка, мамлекет ичиндеги бардык башаламандыкка жоопкерчилик бир гана адамга жүктөлдү. Эми депутаттар кадр маселесине жана башка кызыкчыктары үчүн мурдагыдай кийлигише албайт. Тиешелүү гана укуктар берилди. Мурда президент да, Жогорку Кеңеш да эч жоопкерчилик албай, бир нерсе болсо өкмөттү отставкага кетирип коюшчу.


- Бул Конституциянын бардык беренелерине макулсузбу? Ал өзүнүн тарыхый миссиясын аткарат деп ишенесизби?


- Кудай буюрса референдумду эл колдойт деп турабыз. Бул Конституция өзүнүн миссиясын аткарат сөзсүз. Эми албетте, мен каршы болгон ньюанстар болду. Мен колдогон жагдайларды өткөрүп кеткен да, өткөрө албай калган да учурлар кездешкен. Кеңешменин төрагасы болгон Бекболсун Бөрүбашев деле өткөрүп кетип же өткөрө албай калып атты. Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө бирдей түшүндүрүш кыйын экен. Талаштык, тартыштык. Ошентсе да ал жерде тыкыз отуруп иштеп, бардыгын ачык добуш берүү аркылуу чечтик. Ошентип акырына чейин бөлүшүп алып иш алып бардык. Бирок биз бир пикирге келе албаган 3-4 маселе бар болчу. Парламент ошону да оңдогонго жараган жок.


  

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тал
Ай кошоматчы