Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:05
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Садыр Жапаров Конституциялык реформа боюнча артка чегиндиби?

24.11.2020 09:19
1026
Садыр Жапаров Конституциялык реформа боюнча артка чегиндиби?


Парламенттин 80 депутаты сунуш кылган Конституциянын жаңы долбоору 10-январда президенттик шайлоо менен кошо жалпы элдин тандоосуна коюлмак. Садыр Жапаров жана анын командасы ушул багытта бараткан. Бирок, 23-ноябрда Жапаров 7-каналга маек бергенде мындай ойдон кайтканын ачыкка чыгарып, жаңы Баш мыйзамды президенттик шайлоодон кийин референдумга алып чыга турган оюн айтты.  


Муну азыр эле кабыл алалы деп шаштырган эч ким жок. Элдин талкуусуна койгула. Элден мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбеген сунушу болсо кабыл алгыла деп жатабыз. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө сайрабай ошол жерге барып сунушун бериши керек. Мен эми Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө кайрылып кетет элем. Шашпай караңыздар, бир айбы, эки айбы. Мен парламентке башка сунуш айтайын. Жогорку Кеңеште Курманкул Зулушев сунуштаган даяр мыйзам бар. Анда референдумда башкаруунун кайсы формасын тандоону сунуштоо каралган. Алгач ушул маселени чечип алалы. Элден сурайлы, парламенттик башкарууну каалайбы, же президенттик башкарууну. Мен депутаттардан ошону президенттик шайлоого койсо деп суранып кетет элем. Президенттик шайлоодо эл башкаруунун формасын тандайт. Ага чейин Конституция талкуулана берсин. Шайлоо буткөндөн кийин Баш мыйзамдын ошол жерин оңдоп коюп, элдин тандоосуна алып чыгабыз”, - дейт ал.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн