Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Конституциялык сот жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо

17.07.2023 17:36
279
Садыр Жапаров Конституциялык сот жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо


Президенттин администрациясы "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Анда Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун (Консот) төрагасынын сунуштамасы менен кайра карашы мүмкүндүгү айтылган.

Алар төмөнкү учурлар экени белгиленди:

- чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

- чечим чыгаруу учурунда Консотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

- чечим элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Мындай учурда Консот чечимди кайра кароо жөнүндө токтомду чыгарат да, ал чечим жокко чыгарылат.

Мыйзам долбоорунда Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби аталган органдын регламенти менен аныкталары айтылган.

Эске салсак, кыргызстандыктар Конституциялык соттун жашы жеткендерге атасынын атынын ордуна энесинин атына катталса болот деген маселеге уруксат берген чечими катуу талкууга алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн