Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун сындагандарга жооп берди

13.02.2021 19:29
1320
Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун сындагандарга жооп берди

Садыр Жапаров жакында элдин талкуусуна коюлган Конституциянын жаңы долбооруна сын айтып жаткан тарапка жооп берди. Бул тууралуу "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.


"Албетте, сын пикирлер айтылбай койбойт. Беш кол тең эмес. Бирок башаламан башкарууга чекит кое турган Конституция болду. Бүгүнкү кадрдык башаламандыктар, ызы-чуулардын баары азыркы иштеп турган Конституция менен байланыштуу. Бүгүн үч «күч» бар. Парламент, Өкмөт, Президент. Жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт. Бизде тартип болбой эле койсун деген күчтөр бар. Ошолор элди дүрбөтүп, "кокуй эле кокуй мындай болуп калды, кокуй эле кокуй тигиндей болуп калды" деп элди адаштырганга аракет кылып жүрүшөт. Кемчиликтер болбой койбойт. Болсо дароо оңдоп кетип жатабыз. Иштебеген киши жаңылбайт дейт. Эң негизгиси мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык чоң иштерде жаңылбасам болду. Ички майда-чүйдө пикир келишпестиктер, кадрдык кемчиликтер өз убагы менен бүтөт. Трагедия кылыштын кереги жок. Кудай буюрса, жазга барып чоң-чоң иштер башталат.


Конституция элдин добушуна 11-апрель жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Жогорку Кеңеш алып чыгыш керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казнадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот",- деди Жапаров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульнара
Абдан туура болот