Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров «Кумтөр» боюнча 2012-жылы эмне деген?

24.05.2021 12:53
1715
Садыр Жапаров «Кумтөр» боюнча 2012-жылы эмне деген?


Президент Садыр Жапаров акыркы он чакты жылдан бери карай «Кумтөр» маселесин көтөрүп келатканы коомчулукка белгилүү. Тактап айтсак, ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп турган кезинде «Кумтөрдөгү» көптөгөн көйгөйлөрдү ачыктап, коомчулукка аны кеңири жеткирүү аракетин жасаган. Депутаттык комиссиянын төрагасы болуп, алтын кенин иштеткен канадалыктардын Кыргызстандын экологиясына тийгизген оор залакаларын таап чыккан.


Эми бүгүнкү күндө ал бийлик башына келип, бир кездерде өзү айтып жүргөн акыйкаттыкты орнотуу аракеттерин жасай баштады. Буга «Кумтөр» кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенин айтсак болот. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө алтын кенин Кыргызстандын министрлер кабинети өз көзөмөлүнө алды.


Акырындык менен «Кумтөрдөн» кайсыл кыргыз чиновниктери жүздөгөн миң доллар акча ай сайын алып турушканы да белгилүү боло баштады. Мындай жагдай бар экени тууралуу Садыр Жапаров 2012-жылы эле телеканалдардын бирине курган маегинде айтып берген экен.


«Эгерде ушул жылдын 27-июнунда, каникулга тараардын алдында, мен даярдаган токтом Жогорку Кеңеште кабыл алынып калганда, анда канадалык эле ишкерлер эмес, биздин дагы 20-30га жакын чиновниктерибиз камалышы керек болчу. Канадалыктарды экологияга келтирген зыяны үчүн токтоосуз камоого жарашат. Мисалы, бир эле мисал келтирейин, сиз экөөбүз барып туруп Чүйдүн бир жеринен 15-20 бакты жыгып алалычы, бакты кыйып, анан үйгө ташып келатканда кармаса, сиз экөөбүздү 10 жылга соттойт. А эмне үчүн биз бүт кыргыз элин ууландырып отурган канадалыктарды «алтынымды алып кете бер, долларымды алып кете бер, үйүмө келип каалаганыңды кылып кете бер» деп отура беришибиз керек? Бийлик болбосо дагы, эл өзү чыгып токтотуш керек болуп жатпайбы. А бийлик токтотуштун ордуна, тескерисинче адвокаты болуп жатат», - деп айткан анда Садыр Жапаров.


Демек, эми ошол 20-30 кыргыз чиновниктери кимдер экени да жакынкы күндөрү ачык белгилүү болот деп ишенип туралы. Алардын канча жылдан бери канча акча алышканын документ жүзүндө тастыктап, баарын кайра мамлекетке кайтарып ала турган убакыт кыязы келди окшойт. Акчаны гана кайтарып алуу менен чектелбей, аларга катаал жаза да колдонулушу зарыл. Себеби, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгы үчүн тебелеп-тепсөөнүн арты кандай аяктаары башкаларга да сабак болушу керек.


«Кумтөр» маселесинин мамлекеттин кызыкчылыгына чечилбей жатканынын артында кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн да басымы болушу мүмкүн экендиги тууралуу Садыр Жапаров ошол 2012-жылы берген маегинде айткан экен:


«Тилекке каршы, бийлик дагы канадалыктарга адвокат болуп жатат. Муну мен дагы түшүнүп турам, себеби сырткы күчтөр катуу басым жасап жатса керек. Колдоп коюшса болмок. Себеби, мен кыргыз элинин душманы болуп жаткан жокмун. Тескерисинче, калганын өзүбүзгө алып иштетели, канадалыктарды «жакшы баргыла, буга чейин 10 миллиард долларды алып чыгып кеттиңер» деп айталы деп жатам. Бүгүнкү күндө канадалыктардын ал жерде бир тыйын үлүшү жок, бардык техника, бардыгы Кыргыз мамлекетине таандык. Бүгүнкү күндө ал жерде 700 тонна алтыныбыз бар, 40 миллиард доллардын тегерегин түзөт. Ошону өзүбүз алып калалы деп жатабыз. Өзүбүз алып калып, бюджетибизди эки эсе көтөрөлү. Милициялардын айлык акысын көтөрүп берели деп жатабыз. Аскер кызматкерлерин күчтөйлү деп жатабыз. Чек арачыларды күчтөйлү. Мугалимдердин айлыгын көтөрөлү, врачтардын айлыгын көтөрөлү, пенсияны көтөрөлү деп чыгып жатабыз. Буга тилекке каршы тескери иштеп жатат. Себеби,эгерде биз «Кумтөрдү» алып кое турган болсок, жанагы 20-30 чиновникке агылып кетип жаткан акчалар кесилип, бюджетке киргени жатат да. Чөнтөгүнө акча түшүп жаткан киши жандалбастап чуркап, аны сактап калганга аракет кылат экен да».


Мына ушундан улам суроо жаралат, «Кумтөрдүн» тегерегиндеги маселе боюнча учурдагы бийликке сырткы күчтөрдүн басымы болуп жаткан жокпу? Эгер болуп жатса, ал сырткы күчтөрдүн көздөгөнү эмне? Деги эле ошол сырткы күчтөр кимдер? Мындай учурда бийликке эл тарабынан кандай колдоо керек?


Садыр Жапаров ошол 2012-жылы эле «Канадалыктар бизди эл аралык сотко беришет деп коркуунун кереги жок» деп айткан экен.


«Канадалыктар эл аралык сотко бере алышпайт. Мындан эч коркуштун кереги жок. Тескерисинче, буларды эл аралык сот камаш керек. Экологияны талкалаганы үчүн дүйнө жүзүнүн соту камаш керек. Дүйнө жүзүндө суу алтындан кымбат болуп баратат. 10-15 жылдан кийин суунун баарын литрлеп сата баштайбыз. Азыр деле Араб өлкөлөрү, Америка өзү сууну сатып алып жатпайбы. Ошондуктан андан коркпош керек. Биз эл аралык юридиканын баарын карап чыкканбыз. Бизде том-том болгон документтерибиз турат. Булар мамлекет катары эмес, канадалык жөнөкөй жаран катары келип, мамлекет менен келишим түзгөн. Ошондуктан биз мамлекет катары келишимдердин баарын кесип, жөнөтүп койсок болот», - деген ошол маегинде С. Жапаров.


Демек, бүгүнкү бийликтин колунда канадалыктардын айыпка жыгылып, күнөөлүү деп табыла турганына жетиштүү далилдер бар деп ишенип турсак болот. «Кумтөргө» байланыштуу кыргыз бийлигинин бүгүнкү жасап жаткан кадамдары капыл-тапылынан эле жасала калган кадамдар эмес. Он жылдан ашуун убакыттан бери топтолуп, такталып келаткан аракеттердин жыйынтыгы. Андыктан бул багытта кыргыз бийлигинин аракетин жапырт колдоп, «Эл аралык соттон утулуп калабыз» деген өңдүү канадалыктардын акыркы он чакты жылдан бери жасап келаткан пиар-жүрүшүнүн, маалыматтык жактан чабуулунун курмандыгы болуп калбайлы.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн