10-январдагы президенттик шайлоодон жеңип чыккан Садыр Жапаров Россиянын “КоммерсантЪ” басылмасына маек берип, анда мурдагы президент Курманбек Бакиев кызматка өзү чакырганын билдирген.
“Бакиев мени өзү чакырган. Мен анын заказдарын аткарбай, мыйзам чегинде иштегем. Ал алгачкы эки жылында жакшы иштеген. Акаев кеткенден кийин биздин бюджет 25 млрд. сом болчу. Бакиев 2007-жылга чейин аны үч эсеге чейин көтөргөн. Кийин ал мамлекетти башкарууну баласына берип койгон. Иниси Жаныш Бакиев процесстерди көзөмөлдөп турган. Андыктан мен буга чейинки бийликтердин катачылыктарын кайталабаймын”, - деген ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн