Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 09:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Кувейттин Эмирин Улуттук күнү менен куттуктады

26.02.2021 15:11
458
Садыр Жапаров Кувейттин Эмирин Улуттук күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин Эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахты Кувейт мамлекетинин Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы достукка, өз ара колдоого жана ишенимге негизделген мамилелерди эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары жогорку даражага алып чыгуу максатында биргелешип иш алып барууга чын дилимден даярдыгымды билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахка бекем ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишине албан ийгиликтерди, ал эми Кувейт элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн