Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Садыр Жапаров Махачкалада май куйган жайдагы жарылууга байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

15.08.2023 17:24
239
Садыр Жапаров Махачкалада май куйган жайдагы жарылууга байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты


Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат амлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Башында автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Дагестан бийлиги Махачкаладагы май куюучу станциядагы жарылууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рубль бөлүп берүүнү убадалады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, жарылуудан 35 адам каза болду, жабыркагандардын саны 100гө жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн