Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Максат ажы Токтомушев боюнча пикирин билдирди

11.02.2021 19:44
1816
Садыр Жапаров Максат ажы Токтомушев  боюнча пикирин билдирди


Президент Садыр Жапаров кызматтан кеткен муфтий Максат ажы Токтомушев тууралуу КТРКга берген маегинде пикирин билдирди. 


Мен шайлоо өнөктүгүндө жүргөнүмдө Максат ажы штабга келген. Аалымдар кеңеши, Дин комиссиясынын өкүлдөрү кызматтан алам деп жатат. Шайлоого 3-4 ай калды. Өз убагында өтсө жакшы болот эле” деп айткан. Экөөбүз 1 саат отуруп сүйлөшкөнбүз. Анан ошол жерден өкмөттүн аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаевге муфтийдин көзүнчө чалып “өкмөт эч качан муфтияттын ишине кийлигишпесин, баарына айткын” деп айткам. Инаугурациянын алдында ызы-чуу болуп жатат деп маалымат келди. Акчаларды жеп койду, суроолорго жооп берген 2 жерде сөзүнөн жаңылган экен деген айыптар айтылды. Арзыбек Буркановду жардамчы катары жибергем. Аны туура эмес түшүнүп алыптыр, ал да туура эмес түшүнүп алса керек”, - дейт ал.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Азирет
Бечера эл Ишенбегиле Жараткан ар кимге сынак берет Садыр президент ????
Алтын
АЛЛАХЫМ Өзү баарынын бетин ачсын! Устазды жайына койгула!
Бек
Муфтияттын казынасы оз эрки кандай финансы операцияларды жасайт алардын ички иштерине эчкандай тиешенер жок аралашканы муфтийибизди чыгарып койгула шерменде болбой
Нурлан
Муфтийин озу шерменде болуп жатса эмне кыл дейсин