Теке 27, 2024
Убакыт: 10:14
USD
EUR
RUB

Садыр Жапаров Малайзия премьер-министри менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди

15.05.2024 14:32
231
Садыр Жапаров Малайзия премьер-министри менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Билдирүүдө төмөнкүлөр белгиленди:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Айымдар жана мырзалар,

Бүгүн биз боордош Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим мырзанын Кыргыз Республикасына расмий сапарына күбө болуп жатабыз.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын кызматташуусунун тарыхында маанилүү эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Малайзиянын урматтуу премьер-министри Анвар Ибрагимдин жана аны коштогон чоң делегациянын Кыргызстанга келиши, болуп өткөн сүйлөшүүлөрүбүз Кыргыз-Малайзия эки тараптуу кызматташуу тарыхында жаңы барагынын ачылышын белгилейт.

Бүгүн биз урматтуу премьер-министр менен бирге эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана мындан ары өнүгө турган дараметин кеңири талкуулап, кызматташуунун жаңы багыттары боюнча пикир алмаштык.

Атап айтканда айыл чарба, туризм, энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен, инфраструктура, маалымат технологиялары, халал-индустрия жана экономиканы өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда бир нече ийгиликтүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, жакшы жетишкендиктерге алып келди.

Бирок, тилекке каршы, кызматташуубуздун толук дарамети азыркы мезгилге чейин жакшы ачылбай келген экен. Андыктан, кыргыз-малайзиялык достук мамилебизди кошумча практикалык мазмун менен толуктоодо Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандыруу маселеси көтөрүлдү.
Аталган комиссиянын жанданышы эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине тилектешмин.

Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча талкуу орун алды.

Бул долбоордун ишке ашырылышы, эки өлкөбүздүн ортосундагы туризм, соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык өнөктөштүктү жаңы жогору деңгээлге чыгара турганы шексиз.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда ийгиликтүү кызматташуунун илгерилетүү максатында эч кандай карама-каршылыгы жок экендигин белгилейм.

Бул жагдай эки тараптуу өнөктөштүктү жогору деңгээлге чыгарууда маанилүү негиз болуп саналат.

Биздин жемиштүү жолугушуубуз «Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө» кол коюу менен жыйынтыкталууда.

Бул документ кыргыз-малайзиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн «Жол картасы» катары болуп калууда.

Урматтуу премьер-министр,

Сиздин Кыргыз Республикасына келгениңиз жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Биздин кызматташтыгыбыздын дарамети толук ишке ашырылышына ишенем жана мен өз тарабымдан аны мындан ары өнүгүүсүнө керек болгон бардык күч-аракетимди жумшоого даярдыгымды билдирем”.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим "Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө" кол коюшту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн