Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизди

10.03.2021 10:10
646
Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү  киргизди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.

Мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн, Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда сатып алуучу уюм түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган.

Муну менен катар мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн