Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 06:58
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Мен өзүмдү мыйзамдуу премьер-министрмин деп эсептейм, - Садыр Жапаров

07.10.2020 16:50
2924
Мен өзүмдү мыйзамдуу премьер-министрмин деп эсептейм, - Садыр Жапаров


Мен өзүмдү мыйзамдуу премьер-министрмин деп эсептейм. Анткени мени Жогорку Кеңештин депутаттары шайлашты жана мага иштегенге убакыт бергиле, - деди Садыр Жапаров 7-октябрдагы маалымат жыйында.


Анын айтымында, ал эртең менен саат 08:00дөн тарта ишке киришти. 


"Жаңы жүздөр келсин деген жаштар өздөрү кызматка келип, ишти алып кетишсин. Тилек Токтогазиев, Элвира Сурабалдиева, Жанар Акаев сыяктуу жаштарды жолугушууга чакырып жатам. Алар кайсыл тармакты алып кете алышса, ошолорго жол берүүгө даярмын. Ал эми мени мыйзамсыз шайланды деген жаштар мен жөнүндө туура эмес маалымат таратып жатышат", - деди Садыр Жапаров. 


Ошол эле учурда өкмөт үйүндө кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү чогулуп, координациялык кеңеш жана убактылуу өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. 



Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Жузубекова Гулбара
Колдойбуз
Женишбек
Садыр жапаров менен Адахан Мадумаров кана татыктуу окмотко
Алтынбек
Колдойбуз