Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров “Мурас” турниринин бомбардири аталды

05.05.2022 16:52
1384
Садыр Жапаров “Мурас” турниринин бомбардири аталды

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин бомбардири аталды. Жапаров мелдеште жалпы 13 гол киргизип, биринчи орунга чыкты.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 17-декабрында өткөн турнирде дагы президент 9 голу менен мыкты чабуулчу аталган.

Мелдештин мыкты дарбазачысы Эмил Жамгырчиев, мыкты оюнчусу Владимир Орешин болду.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде болду.

Достук мелдешин “Президенттин администрациясы” командасы жеңип алды. Күмүш байгеге “Жогорку Кеңеш” татыды. Ал эми үчүнчү орунду “Алга” командасы ээлесе, төртүнчү орунга “Ыйман” илинди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн