Президент Садыр Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Намибия Республикасынын президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту.
Тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибия алакаларынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2000-жылы түзүлгөндүгү белгиленди.
Эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыкты баса белгилешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн