Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

28.01.2021 19:15
786
Садыр Жапаров Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды.


Мамлекет башчысы Жансейит Түймебаевге инаугурация аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтып, боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Нурсултан Назарбаевдин кошкон зор салымын белгилөө менен ага жакшы каалоо-тилектерин жолдоду.


Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка токтолгон Президент Кыргызстандын Казакстан менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даярдыгына жана кызыкдар экенине токтолду.


Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элдеринин коңшулук жакшы мамилелери ар дайым чыңдала берерине бекем ишенимин билдирди.


Өз кезегинде Жансеит Туймебаев Кыргызстанга Нурсултан Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин баса белгиледи.


Казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.


Ошондой эле ал эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү боюнча жигердүү иштерди улантууга даярдыгын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн