Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:20
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин музейине барды

02.03.2021 19:25
729
Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин музейине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришти.


Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган. Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч Президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат.


Музейде ошондой эле Нурсултан Назарбаевге Кыргызстандан тапшырылган бир нече белектер да орун алган.


Президент Садыр Жапаров музей фондунун байлыгын жана ар түрдүүлүгүн белгилеп, кызматкерлерге кызыктуу экскурсия уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң, музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн