Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

01.03.2021 15:32
1180
Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

Кыргызстанда парламенттик шайлоо күзүндө болот. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Казинформго" берген маегинде билдирди.


Суроого жооп берип жатып, жакында өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, референдум өткөрүү пландалып жаткандыгын айтты.


«Жана ушул процесстердин баарында мыйзам баарына  президенттен тартып колуна кетмен кармаган дыйканга чейин бирдей болушу керек. Азыр биз мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуп жатабыз», - деди ал.


Буга чейин Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке кайталап шайлоо 2021-жылдын июнь айына чейин өткөрүлөт деп айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн