Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарындагы эл менен жолугуп жатып билдирди. Анын айтымында, Конституцияны өзгөртүү учурунда депутаттарды шайлоо маселеси да каралат.
“Биз бир мандаттуу болсун деп көпчүлүк элдин талабын угуп жатабыз. Партиялык система менен бир канча жолу шайлоо болду. Дал ушул партиялык система мамлекетти талкалады. Эл 5 жыл бою өз өкүлү ким экенин билбей жатат. Мен деле 120 депутаттын баарын тааныбайт экем. Ошондуктан бул маселени эл каалагандай чечебиз”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн