Бештин айы 06, 2021
Убакыт: 20:37
USD
84.80
84.90
EUR
95.50
96.50
RUB
1.145
1.160

Садыр Жапаров Путинге Россияда шахтадагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

26.11.2021 09:08
129
Садыр Жапаров Путинге Россияда шахтадагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Россиянын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.


«Россия Федерациясынын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон авариянын натыйжасында шахтерлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн