Кулжа 18, 2024
Убакыт: 18:34
USD
86.90
87.80
EUR
93.40
94.40
RUB
0.955
1.000

Садыр Жапаров Россия элчисин дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

14.06.2024 16:55
163
Садыр Жапаров Россия элчисин дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Россия Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Садыр Жапаров Россиянын элчисинин миссиясынын мезгили Кыргызстандагы маанилүү тарыхый өзгөрүүлөргө – саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин сапаттык өнүгүүсүнө туура келгенин канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россия жашоо-турмуштун дээрлик бардык чөйрөсүндө активдүү өз ара аракеттенип жатканын билдирди. Айрым багыттар боюнча зор натыйжаларга жетишилди.

Президент эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы жигердүү өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгы катары республика боюнча тогуз мектептин курулушу, Кыргыз-Славян университетинин ишин реформалоо процессинин башталышы, Каракол шаарындагы ММУнун филиалынын ачылышы жана ийгиликтүү ишке ашырылган “Чет өлкөдө орус мугалими” программасы болгонун баса белгиледи.

Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарында да ушундай эле ийгиликтер белгиленгенин баса көрсөттү.

Өз кезегинде элчи Николай Удовиченко анын ишин жогору баалаганы үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жетишкен натыйжаларына терең канааттануу сезими бар экенин белгиледи.

Ал акыркы жылдары Кыргызстанда динамикалык экономикалык жана саясий өнүгүү үчүн бардык өбөлгөлөр түзүлгөнүн айтып, дүйнөдөгү оор геосаясий шарттарга карабастан, эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуусу келечекте дагы тереңдей берерине ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Николай Удовиченкону Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн