Шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн түз эфир аркылуу кайрылуусунда билдирди.
Президенттин айтымында, баары санариптешти. Бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып, кайрадан санап чыкса болот.
“Азыр эми шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз.
Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20:00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет.
Андан сырткары, жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте кол менен дагы санап чыгышат.
Ал бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып барып, кайрадан санап чыкса болот.
Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан.
Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар”,-деген президент.
Ошондой эле шайлоо системасы адам фактору аралашпагандай кылып толук санариптештирилип, автоматташтырылганына токтолду.
“Кыргызда “Оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген таасын айтылган сөз бар. Анын сыңарындай, шайлоонун шайтан оюндарынан 30 жылда 3 жолу төңкөрүш көргөн жаныбыз шайлоо системасын адам фактору аралашпагандай кылып толук санариптештирип, автоматташтырып салдык.
Мен муну менен эмнени айткым келди. Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт.
Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет.
Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында, эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат”,-деп белгиледи мамлекет башчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн