Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

15.06.2021 11:37
1489
Садыр Жапаров Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


“Сиздин кыраакы саясатыңыздын, салмактуу чечимдериңиздин натыйжасында Кытай эл аралык аренада ишенимдүү түрдө алдыңкы орундарды ээлеп турат. Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгеси дүйнө жүзүнө таанылып, ар кайсы континенттердеги көптөгөн мамлекеттерди бириктирген демилгеге айланды. Сиздин акылман жетекчилигиңиз менен Кытай COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишти жана башка өлкөлөргө пандемия менен күрөшүүгө жигердүү жардам көрсөтүүдө. Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына өз убагында көрсөтүлүп келе жаткан гуманитардык жардам үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кыргызстан ар дайым Кытайдын достук мамилесин жана колдоосун сезип турат", - деп айтылат куттуктоодо.


Мамлекет башчысы кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча конструктивдүү ишти мындан ары да улантууга даяр экенин ырастады.


Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн