Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров, Ташиев, Зулушев УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышты (фото)

12.05.2022 17:29
762
Садыр Жапаров, Ташиев, Зулушев УКМКнын  жаңы имаратынын ачылышына катышты (фото)



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты.


Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар жакшыртылып, түзүлүп жатканын баса белгиледи.


Садыр Жапаров мамлекеттин коопсуздугу баарынан жогору турган, жалпыга белгилүү чындык экендигин айтты.


Президент мындай заманбап имараттардын ачылышы менен алардын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогорулайт деп ишенет.


Мамлекет башчысы бул имаратта иштеген ар бир кызматкер Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн маанилүү, жооптуу иштерди аткарууга шыктанаарына үмүттөнөөрүн билдирди.


«Улуттук коопсуздук тутумунда өлкөнүн кызыкчылыгын толук коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар болушу керек. Бул үчүн тиешелүү каражат бөлүнгөн. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталат”, - дейт Садыр Жапаров.


Мамлекет башчысы андан ары имаратты, иш бөлмөлөрдү көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматынын жаңы имаратынын аймагына көчөт отургузду.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн