Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:11
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Садыр Жапаров Татарстандын элине Казандагы окуучулардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

11.05.2021 21:07
1026
Садыр Жапаров Татарстандын элине Казандагы окуучулардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салуудан курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.


«Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.


Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн