Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров: Төрт-Көчөгө нейтралдуу статус берүүнү сүйлөшүп жатабыз

17.11.2022 12:43
481
Садыр Жапаров: Төрт-Көчөгө нейтралдуу статус берүүнү сүйлөшүп жатабыз

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзамды ратификациялоо каралууда.


Жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаров "сабатсыз"  деген Юстиция министри Аяз Баетов жана Мадумаров кол койгон Төрт-Көчө боюнча пикирин билдирди.


"Сиз сабатсыз деген бала 30 жыл кыйкырып ала албаган Кумтөрдү мамлекетке кайтарууда опол тоодой эмгек жасады. Сабаттуулугу боюнча сизден ашса ашат, кем калбайт",- деди президент.


"Ал эми сиз Төрт-Көчө боюнча сиз кол койгон протоколду Тажикстан дайыма бетке кармайт. Мына Астанада өткөн үч тараптуу жолугушууда дагы ошону көрсөтүп, "булар кол коюп аткарбайт" деди.

Камчыбек Ташиев эки жолу сүйлөшүү жүргүзүп азыр Төрт-Көчөгө нейтралдуу статус берүүнү макулдаштык. Биз Лейлек районуна кеңири өтөбүз. Алар Ворухка. Сеники да эмес меники да эмес деп макулдаштык.Алар оюнан кайтып калбаса.

Тажикстан 20дай үйдү көчүрөт, биз болсо 4-5 үйдү көчүрүп, бир канча метр квадратка нейтралдуу статус беребиз ",-деди президент Жапаров.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн