Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

19.10.2020 17:28
468
Садыр Жапаров Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту, өлкөнүн банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Улуттук банктын аткарып жаткан иштери, ошондой эле валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди. 

Мындан тышкары, калк жана ишкерлик субъектилери үчүн коронавирустук инфекциянын жайылуусунун жагымсыз кесепеттерин жайгарууга тийиштүү маселелер талкууланды. 

Садыр Жапаров финансы-банк тутумунун, улуттук валютаны алмаштыруу курсунун туруктуулугун сактоонун, ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу улуттук экономика үчүн тобокелдиктерди кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Садыр Жапаров Улуттук банкка өлкөдөгү абалды турукташтырууга байланыштуу улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча төлөм жана которуу операцияларын өз учурунда жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн чараларды кабыл алууну, ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн