Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:44
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Садыр Жапаров ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлады

10.07.2024 18:21
167
Садыр Жапаров ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлады


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча "алтын" сертификаттын ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүүдө.

Президент Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө 58 бүтүрүүчү "алтын" сертификат алууда. Араңарда үч студент жогорку упай алды. Эми эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүңөр. Жакшы окуп, аракет кылып, бүгүн "алтын" сертификаттын ээси болуп атасыңар. Бул сонун, куттуктайм! ЖРТ боюнча эң жогорку балл 234 баллды түзөт. Бул биздин билим деңгээлибиздин өсүп жаткандыгынан кабар берет", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы эң жогорку балл алган балдардын ийгилиги балдардын өздөрүнүн гана эмес, мугалимдеринин, ата-энелеринин да ийгилиги экенин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн