Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 01:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Жамал Сейдакматова кайталангыс талант

17.02.2021 10:24
548
Садыр Жапаров: Жамал Сейдакматова кайталангыс талант

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун көңүл айтуу катын президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев окуду.


"Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнөдөн өттү. Жамал апабыз улуу актриса катары калкка эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кайталангыс талантка чет элдик режиссёрлорда өз баасын берип келген. Сахна жана театр жылдызы Жамал Сейдакматованын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм" ,-деп көңүл айткан президент.


Белгилүү боллгондой, Сейдакматова  16-февралга караган түнү каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн