Баш оона 22, 2025
Убакыт: 16:18
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Москвага барары күтүлүүдө

31.03.2023 10:37
437
Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Москвага барары күтүлүүдө

Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Россияга расмий иш сапары менен барып, Улуу Жеңиш майрамына катышат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги  Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчукка таянып кабарлады. 


« Жеңиш күнү биздин орток жана эң маанилүү майрам.

Албетте, Кыргызстан бул жеңишке жана Москваны коргоого кандай салым кошконун ар дайым эсибизде сактайбыз, бул биз үчүн ыйык», - деди РФнын вице-премьер-министри.


Президенттин басма сөз кызматы азырынча боло турган иш сапары тууралуу комментарий бере элек жана кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн