Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров Жеңиш парадына катышууга Москвага барбайт

05.05.2021 15:56
1180
Садыр Жапаров Жеңиш парадына катышууга Москвага барбайт


Владимир Путин 8-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшөт. Бул тууралуу ТАССка Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.


"Ооба, сүйлөшүүлөр Москвада Жеңиш күнүнө чейин пландаштырылууда", - деп жооп берди Кремлдин өкүлү Путин Жеңиш майрамына биргелешип катышуудан тышкары, Рахмон менен өзүнчө жолугушууну пландап жатабы деген суроого.


Бул жолугушууда Путин менен Рахмон Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалды дагы талкуулай турганы кабарланды.


Президенттин маалымат катчысы Песковдун айтымында, Рахмондун 8-майда Путин менен сүйлөшүүгө барышы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан мурун эле макулдашылган.


"Рахмондун сапары чек арадагы окуяларга чейин пландаштырылып, макулдашылган", - деди ал.


Кремлдин басма сөз катчысынын айтымында, Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвага келиши азырынча айтыла элек.


Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда, президент Садыр Жапаровдун Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага сапары пландаштырылбай жаткандыгын маалымдалды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айдарбек
Туура кылат. Гордость да болуш керек