Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:16
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров абадан коргонуу бөлүктөрүн пландан тышкары текшерди

26.03.2023 18:31
300
Садыр Жапаров абадан коргонуу бөлүктөрүн пландан тышкары текшерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Анын айтымына караганда, ошондой эле мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты. 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.


"Президент Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.


Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылды", - деди Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн