Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров абакта отурган 245 адамга ырайым берди

24.03.2021 17:43
929
Садыр Жапаров абакта отурган 245 адамга ырайым берди

Абакта жазасын өтөп жаткан 245 адамга ырайым берилип, анын 89у эркиндикке чыкса, калгандарынын жаза мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.


Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон. Жалпысынан 1 378 адам ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1 133 адамдын өтүнүчү четке кагылган.


Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров соттолгон 230 кишиге ырайым берип, 38 жарандын жаза мөөнөтү кыскартылган.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 2020-жылы абакта жазасын өтөп жаткан 975 адамга мунапыс берилип, алардын айрымдары жазадан бошотулганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2020-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан "Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, 975 соттолгон адамга мунапыс колдонуу боюнча президентке сунуштамалар жөнөтүлгөн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн