Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

01.07.2022 12:55
775
Садыр Жапаров ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчысы кол койгон.

Алсак, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:

- “Atalyk Group” (“Аталык Групп”) жабык акционердик коому;

- “БИОВИТ” жоопкерчилиги чектелген коому;

- “ТЕКСТИЛЬ ТРАНС” (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.

Мындан тышкары, Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерге президенттин атынан алкыш жарыяланды. Алар:

- Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич – “Шоро” жабык акционердик коомунун башкы директору;

- Шалюта Александр Васильевич – “КаиндыКант” ачык акционердик коомунун башкы директору;

- Ирсалиев Нияз Рахатбекович – “Тегирменти Гидроэлектростанциялары” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Кокоев Кайрат Абдилбаитович – “Кыргыз каганат” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Капаров Санжар Нуралиевич – “Кант ТШП” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

- Акаев Канатбек Ергешбаевич –“БАРБОЛ” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн