Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров аялын, айдоочусун, туугандарын кийлигиштирбей саясатын жүргүзүп жатат, - Акылбек Жапаров

27.02.2024 16:13
201
Садыр Жапаров аялын, айдоочусун, туугандарын кийлигиштирбей саясатын жүргүзүп жатат, - Акылбек Жапаров


Президент Садыр Жапаров өзүнүн саясатын аялын, айдоочусун, жакындарын кийлигиштирбей алып барууда. Бул тууралуу 26-февралда Маданият министрлигинин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.


Акылбек Жапаров өз сөзүндө акыркы 3 жылда экономикалык өсүштү белгиледи.


«Садыр Нургожоевич кызматка киришээри менен чарбалык бөлүгүн мага, ал эми Камчыбек Кыдыршаевичке тартип чөйрөсүн координациялоону тапшырды. Былтыр Ормон хандын 30 жылдыгын өткөрдүк, анан 2005-жылы менин ишенимдүү адамым болгон Зайнидин аксакал келип калды. Анын айтымында, Садыр Жапаров милдеттерди туура бөлүштүргөн – Камчыны камчы керек жерге, акыл керек жерге мени койду, Акылды», - деди ал.


«Учурда Садыр Жапаровдун иштерине жубайы, айдоочусу жана жакындары кийлигишпейт. Ал экономика тармагына адистерди тартты», - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн