Президент Садыр Жапаров айымдарды Аялдардын эл аралык күнүн ыр менен куттуктады. Бул тууралуу ал Телеграмм каналы аркылуу билдирди.
Төмөндө Садыр Жапаровдун ыр куттуктоосу:
Жаз жадырап кирип келет жашылдап,
Жашыл түстүү килем салып талаалап.
Айлананы гүл орогон махабат
Асман ачык, бүчүр бактуу ырахат.
Мына келди, 8чи март жаз майрамы
Аял заттын көтөрүлгөн ак маңдайы.
Жашообуздун максаттары көңүлдөрү эч калбасын,
Бул жашоодо —
Бирибизге бирибиз жөлөк болуп жашайлы.
Урматтуу айымдар!
Майрамыңыздар кут болсун!
Пикирлер (1)