Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизди

29.03.2021 13:29
798
Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Билим берүү жөнүндө“, „Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 10-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын билим алуусуна шарт түзүү, ошондой эле билим берүү жаатындагы айрым ченемдерди тактоо, болуп эсептелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн