Бугу 12, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров башында турган топ сормо сазга түшүп алды

16.11.2020 14:06
1126
Садыр Жапаров башында турган топ сормо сазга түшүп алды
Сормо саз болот. Бир жаңылышып түшүп калсаң, кыймылдаган сайын тартып кете берген. Садыр Жапаров башында турган топ учурда мына ошондой сормо сазга түшүп алды.

Эмнеден башталды?

Парламенттик шайлоо мыйзамсыз жылдырылды.

20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо “Президент жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндөгү” мыйзамды бузуу менен белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Аны менен кошо Конституция боюнча 5 жылга гана шайланган депутаттар өздөрүнүн мөөнөттөрүн узартып алышты. Демек, бул чакырылыштагы Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү күмөн астында калды. Анткени калк аларды 5 жылга гана шайлаган.

Мына ушул легитимдүүлүгү күмөн астында калган депутаттар эми Конституция кабыл ала турган болуп жатат. Легитимдүүлүгү күмөн астында турган парламент кабыл алган конституциянын легитимдүүлүгү кандай болот? Ал дагы күмөн астында болот!

Кыргызстанда 1993-жылы Конституция бардык жол-жоболорду сактоо менен кабыл алынганын баары мойнуна алат. Ал эми Аскар Акаевдин ал конституцияны өзгөртүү боюнча көптөгөн референдумдарынын мыйзамдуулугу ар дайым күмөнгө салынып келди.

Мына ошол күмөн жана шек соңунда Кыргызстан конституциясынын баркы кетишине, мамлекеттүүлүктүн алсырашына, өлкөдө мыйзамдуулук эмес, мыйзамсыздык өкүм сүрүшүнө алып келди.

Бул Акаев, Акаев менен кошо бүтүндөй кыргыз калкы түшкөн сормо сазга айланды. Андан чыга албай келатабыз.

Азыркы бийлик парламенттик, президенттик шайлоону өз убагында өткөрүп, андан кийин конституциялык реформага киришкенде, саздан чыгууга илинчек табат белек?...

Айданбек Акматов, журналист

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Туура соз,шайлоо да таза отпойт .Соодалашып жер жер жерлерге мага иште деп адамдарын койду