Садыр Жапаров башка президенттикке талапкерлер менен жолугушууну каалайт. Бул тууралуу ал 11-январда "Ала-Тоо" аянтында элге кайрылуусунда билдирди.
"Президенттикке аттанып, менен менен атаандаш болуп чыккан биздин мекенчил инсандарга да ыраазычылык билдирем. Алардын да саясатта кадыр-баркы, салмагы, тажрыйбалары бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Мен аларды сыйламын жана терең урматтаймын. Президент болуп толук кандуу ишке киришеримден кийин аларды кеңешүү үчүн бааралышууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак айың, каралоодон эч нерсе таппайбыз. “Бөлүнгөндү бөрү жейт” деген макалды эч качан унутпайлы. Азыр бизге ынтымак керек. Ырыскыны ынтымак гана алып келет”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн