Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров баштаган талапкерлерди кандай тагдыр күтөт?

22.12.2020 14:27
1292
Садыр Жапаров баштаган талапкерлерди кандай тагдыр күтөт?


 Буга чейин ноябрь айында Кыргызстандагы саясий окуялар кандай уланышы мүмкүн экендиги тууралуу өзүнүн анализдөөлөрүн айтып берген белгилүү россиялык астролог Светлана Драган «Говори ТВ» маалымат каражатына кайрадан өзүнүн жаңы анализдөөлөрүн айтып берди. Биз анын президенттикке беш талапкердин – Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Канат Исаев тууралуу айткандарын кыргызчага эркин которуп, окурмандарга урунттуу жерлерин сунуштайбыз.

 

Адахан Мадумаров – чынын айтканда бул адамдын картасы мага күчтүү сезилди. Ырас, балким адамдын ички ресурсу кээде башка сырткы ресурстар менен да коштолушу керек. Бирок бул жетишээрлик салмактуу адам. Ал өтө терең жана жетишээрлик терең сүзө алат. Байкашымча ал «жашыл түстү» ноябрь айында алды. Ал азыр бир кадам оңго, же бир кадам солго ашыкча таштоого болбой турганын түшүнүп турат. Ал адамдарды өзүнө жакшы тарта алат. Бир жагынан ал күтө алат, кээде тамчы ташты теше аларын түшүнөт. Анын мүмкүнчүлүгү аз эмес. 24-декабрдан тарта Кыргызстанда баардыгы үчүн маанилүү чечим кабыл ала турган учур болот. Бул тууралуу өзүнчө айтам, бирок буга Адахан да катышат. Мен алтургай Адахандын картасын Эрдогандын картасы менен салыштырат элем. Амбициялык баскычы боюнча эмес, кээде жашыруун образ менен жүргөн тереңдетилген процесстердин баскычы боюнча. 21-декабрда Адахан өзү үчүн өтө маанилүү макулдашууга барышы мүмкүн, альянс болот, анда Адахан жалгыз эмес. Андагы анын ийгилигинин көрсөткүчү жетишээрлик жогору болот. Кыргызстан үчүн бардык чечим кийинки жумадан баштап кабыл алына баштайт. Президенттик шайлоодон кийин, болжол менен 16-январдан тарта кырдаал сырдуу боло баштайт. Бул адамга карата коркунуч да бар, бирок мен аны аябай оор коркунуч дебейм. Бирок, бар. Эгерде ал бизди угуп жаткан болсо, болжол менен 4-январда этият болушу керек. Балким, аны ууландыруу же дезориентациялоо аракеттери жасалат. Жетишээрлик оор абал февраль айынын башында болот. Негизинен эле 17-январдан тарта кырдаал эч ким үчүн жеңил болбойт, шайлоо өтсө дагы, өтпөсө дагы. Ал убакта шайлоонун жыйынтыгы актуалдуу болбой калат.

 

Канат Исаев – бет алганынан кайтпаган, кайраттуу киши. Агрессивдүү катаалдыгы бар. Кээде ушунун баарын жакшынакай формага айлантууга чыдамы жетпей калат. Бир окуя эске келет, Герценге уулу келип: «Кандай кадам таштоону билбей жамат» дейт. Анда Герцен: «Эгерде кандай кадам жасашты билбей жатсаң, анда жакшы кадам ташта» дейт. Ушул нерсе Канатка тиешелүү эмес. Анын кадамдары табышмактуу, жөнөкөй эмес кадамдарды жасоого даяр. Азыр анын абалы күтүп жаткан колдоолоруна байланыштуу болот. Ал азыр балансты бузуу менен, андан өзүнө пайда табуу аракети да бар. Эгерде ал өзү болжолдоп жаткандан башка жөнөкөй эмес кадамдарды тапкан болсо, анда ал январь-февраль айларын күтүп турушу керек эле. Ошондо балким жөнөкөй эмес жол менен башка рольдо болуп калышы мүмкүн эле. Бирок, анын ички чыдамсыздыгы жолтоо болушу мүмкүн. Бир жагынан ага колдоо көрсөтүү сценарийи бар, анын айланасында кандайдыр бир кызыкчылыгы бар адамдар чогулат, экинчи жагынан 30-декабрдан кийин статусунун төмөндөп кетүү сценарийи бар. Эгерде сценарийди кескин алмаштырып алса, анда катуу адашуусу мүмкүн. Жалпысынан конструктивдүү эмес аракет ага жардам бербейт. Тескерисинче, уран деген планета бар, бул планета же революцияны талап кылат, же таптакыр башкача кадамдарды талап кылат. Ушул планета ага жардам берүүгө даяр. Бирок, бул маалыматты Канат канчалык деңгээлде пайдаланата ала турганы айтуу кыйын. Муну ал жаздагы оор абалда пайдалана алышы мүмкүн. Бирок, анын ички чыдамсыздыгы жолтоолук кылат. Январь айынын аягында ал кайсы бир күч структураларына кайрылышы мүмкүн. Эгерде ал биздин анча ачык эмес маалыматыбызды пайдалана алса, анда чындыгында жогорку деңгээлдеги саясий абалда болушу мүмкүн. Канчалык деңгээлде ал өз статусун сактап, январь айынын башында репутациясын бузбастан алып кала алары өзүнөн көз каранды. Анын мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, азыр шашпаш керек, азыр убактысы келелек.


Садыр Жапаров – албетте азыр бул фигура көбүрөөк ачык, көбүрөөк чечкиндүү. Бирок, ал өзү менен кошо жасаган 14-декабрдан берки окуялар, кайра өзүнө каршы иштеши мүмкүн деп коркуп турам. Ал кандайдыр бир көп убадаланган сүйлөшүүлөргө барды окшойт. 24-28-декабрь аралыгында президенттикке талапкерлердин ичиндеги алдыңкылары бири-бирисиз кыйын болуп калаарын түшүнөт. Андыктан С. Жапаров биригүүнү азыраак кошушу керек. Садыр азыр өзүнүн алдына өтө солкулдук кыртыш түзүп алды. Кандайдыр бир колдоо күтүп жатат. Алтургай андай колдоо азыр ага көрсөтүлгөн жок деп ойлойм. Бул анын ички балансын бузуп жатат, бирок аны сыртынан көргөзбөйт. Баары бир ага эки тараптуу кызыкчылыктагы биримдик керек. Бул баары үчүн конструктивдүү, коопсуз жана пайдалуу болот. 21-декабрдан кийин чындыгында геосаясий ланшафт алмашат. Түрдүү кураторлордон келип жаткан бардык колдоолор, бардык ресурстар да өзгөрөт. Кураторлордо да кырдаал өзгөрөт. Бул Садыр Жапаровдун ар кандай пландарын бузушу мүмкүн. Бирок, инерция боюнча анын кырдаалы жакшы нукта кете берет. Ал күчүндө болот. Түшүнөсүздөрбү, шайлоо Кыргызстандын картасында көрүнүшү керек эле. Бирок, андай көрүнгөн жок. Ушунун өзү шайлоо биз ойлогондой мааниге ээ эмес экенин көрсөтүп турат. Ошол датадан кийин биз күтүп жаткан өзгөрүүлөр ишке ашат дегенге да болбойт. Дароо эле айтып коеюн, дүйнө жүзү өтө дестабилдүү болот. Америкада, Европада дагы. Болжол менен 17-декабрдан тарта ушул окуялардын эхосу өнүгүп отурат. Андыктан дүйнө жүзүндө стабилдүүлүк жок болуп жатса, бир өлкөнүн стабилдүүлүгүн бекемдөө оор. Мен январда Садырдын жеңип чыкканын өтө деле көрө албай турам. Садыр критикалык ката кетириши мүмкүн. Ага болжол менен 4-февралда олуттуу көйгөй жаралат. Жетишээрлик драматикалык болот. Адам баласынын алдында туман, эч нерсе көрбөй жатса дагы, баарын көрүп жаткандай түр жаратуу Садыр үчүн да жетишээрлик кооптуу жагдай. Бул чыныгы кооптуу жагдай. Турбуленттүүлүк фонунда ал өзүнүн позициясын болжол менен февралдын орто чендеринде кайрадан бекемдөө аракетин жасайт. Жетишээрлик деңгээлде өзүнө ишенимдүү түрдө. Анда өзүнүн күчү көбүрөөк экенине жетишээрлик негиз болот. Өзүнүн империясын түзүү, толук кандуу эркин бийликке жетүү аракети болот. Бирок, бул убакытта Кыргызстанда абал тынч болбойт. Март айынын аягында, болжол менен 26-числодо кырдаал алмашат. Мындай убакытта оюндан алыстап, дистанция кармап, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуу керек болот. Эгер андай кылбаса, анда оюн аяктайт.


Имамидин Ташов – бул адамды жөн жеринен тандашкан жок. Бир жагынан хандык кыялы, экинчи жагынан жеке баалуулугу, рационалдуулугу бар. Бул адамдын арты тургандар өздөрүнө эң сонун отчет берип жатат, бул адам маневр жасай ала турганын билишет. Ал азыраак агрессивдүү. Балким, анда күчтүү харизма жок, бирок анда башкара турган адамдын сапаттарынын топтому бар. Ал белгилүү бир образ менен аракет кылышы керектиги боюнча макулдашуу болгонун көрүп турам. Бирок, мен бул адам абийир кодекси жок деп айталбайм. Анда бул нерсе бар. Имиджи жаман эмес. Ал сунушталган бардык конструкцияга туура келиши мүмкүн. Ага да ноябрь айынын аягында патриоттук сезим менен эмес жаралган күчтөрдөн колдоо болгон. Ток этерин айткнада алар аны перспективалуу сезимдер менен кубаттандырышкан. Ал бардык системага ылайыкташа алат. Январь айынын аягында анын саясатта калуусу уланышы мүмкүн. Бирок, март айынын аягында мен кимдер жөнүндө айтып жатсам, баарында түз сызык кетип жатып эле үзүлүп калат. Кайык талкаланышы мүмкүн. Анын кураторлорунун дагы.


Абдиль Сегизбаев – кызыктуу фигура. Көңүлүнүн тереңинде ал бул жерде баары ага тиешелүү болуш керек. Ушундай түзүлгөн ал адам. Мекен деген сөз ал үчүн бош сөз эмес. Мекен ал үчүн ресурс. Анын кадамдарыынын ыкмасы катаал, одоно, чукул. Кандайдыр бир деңгээлде дипломатизм болушу керек да, а бул адам өзүнүн оюнунун белгилүү бир ыкмасын колдонууга көнүп алган. Жетишээрлик кооптуу жол. Анын ишинин абалы азыр эле кооптуу, азыртадан эле аскердик аракетти провокация кылып жатат. Ал декабрь айынын орто чендеринде айлана-чөйрөнү беймаза кылууну да ойлоду. Өзүнүөзү кармай албаган адам. Анын айланасындагы кыймыл-аракеттер кооптуу. Ал өзүн ишенимдүү алып жүрөт. Себеби, ал өзүнүн жеринде. Бирок, эшиктен кулачты жайып алып кирүүгө болбойт. Бул жерде аскердик адаттар жолтоолук гана кылат. Мен бул адамдын картасын айтып жатам. Ал 1-январга карата кандайдыр бир саясий секирик жасоону пландап жатат. Ал кандай көрүнөт? Бул башка маселе. Бирок, ал дагы бул жерде кландардын биригүүсү зарыл экенин түшүнөт. Ал өзү дагы буга биригүүгө даяр. Таң калычтуу болсо да, анда колдоолор бар. Ал иштеши мүмкүн. Бирок, башка сценарийде, кайсы бир күчтөр менен биригүүсү мүмкүн. Бирок, март айынын аягында кайрадан блок.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн