Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров быйыл соцобъектилердин курулушуна 13 млрд бөлүнгөнүн айтты

30.06.2022 13:45
414
Садыр Жапаров быйыл соцобъектилердин курулушуна 13 млрд бөлүнгөнүн айтты


“Мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка жаңы социалдык объектилерди куруу, башталып калгандарын бүткөрүү үчүн быйыл 13 млрд сом бөлүп жатабыз. Бул 2021-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп”, - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөбүздө эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи. Салыштыруу үчүн айтсак, 2021- өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна 3,4 млрд сом эле бөлүнүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн