Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров чиновниктердин маянасын көтөрүүгө мораторий жарыялады

09.09.2024 11:47
389
Садыр Жапаров чиновниктердин маянасын көтөрүүгө мораторий жарыялады


Президент Садыр Жапаров мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө мораторий киргизди. Өлкө башчынын тиешелүү жарлыгы "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.


Маалыматка ылайык, чечим бюджетти натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынууда.


"2024-2026-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттин административдик ведомстволордун, президенттин жана министрлер кабинетинин карамагындагы мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, сот системасынын, атайын статуска ээ мамлекеттик бийлик органдарынын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын чектүү штаттык санын жана кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүгө мораторий белгиленсин", — деп жазылат маалыматта.


Айрым категориядагы кызматкерлердин маянасы президенттин өзгөчө чечими менен көбөйтүлүшү ыктымал экени кошумчаланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн