Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот", - деди Аскат Алагөзов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн