Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров эмне үчүн “Кумтөрдө алтын калбады” деп четке чыга качты?

17.11.2020 16:28
1694
Садыр Жапаров эмне үчүн “Кумтөрдө алтын калбады” деп четке чыга качты?


Садыр Жапаров бийликке келер замат Кумтөрдө алтын калбады, аны мамлекетке алыштын кажети жок, деп четке чыга берди.


Кумтөрдө 716 тонна алтын бардыгын, анын 400 тоннага жакыны гана казылганын билгендер эмне болуп кетти?  “Мафия түбөлүк” деген чын бейим деп эсейип туруп калды.


Эми, Кумтөрдөгү бүгүнкү күндөгү абалга көз салып көрсөк:


Быйылкы жылдын 9 айында Кумтөрдөн 14.5 тонна же 465 миң 734 унций алтын казып алганын “Центерра голд инк” 17-ноябрда жарыялады.  Анын киреше, чыгашасын санап көрсөк.


1 унций алтындын баасы учурда 1900 доллар. Демек, “Центерра голд инк”   465 миң 734 унций  алтынды 885 млн. долларга сатты. Муну улуттук акчага которсоңуз  75 млрд. сомдон ашык акча болот.


“Центерра” быйыл бюджетке  6-7 млрд. сомдун тегерегинде салык төлөш керек. Жалпысынан 10 млрд. сомдук төлөмдөр төлөндү деп маалымат берип жатат.


Албетте өндүрүштүк чыгымдар болот. Бирок Кумтөрдө 1 унций алтынды казып алуу үчүн кеткен чыгымдар көлөмү  же өздүк наркы (өндүрүш чыгымы, салык ж.б. төлөмдөр) 553 доллар экени белгилүү. Демек, “Центерранын” 465 миң 734 унций алтын казып алуу үчүн кеткен чыгымы  257 млн. 550 миң доллар болот.


Мына ошондо “Центерранын” таза кирешеси  627 млн. доллар же 53 млрд. 324 млн. сом болуп жатат (Кыргызстандын бюджет тартыштыгы 30-40 млрд. сом болуп жатканы белгилүү).


Жапаров баш тарткан Кумтөрдө дагы 300 тоннадан же 3 млн. унцийден көп алтын бар экендиги белгилүү. Анын баасы 18 млрд. доллар болот (Кыргызстанды сар-санаага салып жаткан тышкы карыздын көлөмү 4 млрд. доллардан ашык).


Алтынга баа дүйнөдө тынымсыз өсүп, бүт ири мамлекеттер казынасына алтын жыйнап жатканда жүздөгөн тонна алтыны бар Кумтөрдөн ойлонбостон туруп, кеңешпестен туруп, алтын калбады, аны албайбыз деген эмнени билдирет?


Жеңил ойлуулукпу?


 Жоопкерсиздикпи?


Же “Центерра”  “сыйкырыбы"?


Айданбек Акматов, журналист


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Акунбек Кожоев
Доляга отурдуда
Таа
Конституция тоскоол болуп жаткандыр да????