“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттык” үналгысына курган маегинде буга чейин Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген сөзүнө жооп берди. Журналисттин суроосуна сунуш менен кайрылган Текебаев аны С.Жапаровго берүү керек экенин ишарат кылды.
“Садыр Жапаров сотто далилдеймин деп сотко түздөн-түз көрсөтмө берип жатат. Сиз ошол суроону Жапаровго берип көрбөйсүзбү. Эгер Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар алган болсо, Кыргызстандын байлыгын чет элдике бекер кармата коем деп жүрсө, анда эмне үчүн түн катып үйүнө барып, аны менен сүйлөшүп жатасың, эмне үчүн эл алдында 5-6 жолу жолугуп сүйлөшүп жатасың деген суроону ага берсеңиз болот”, - дейт Текебаев.
Пикирлер (5)