Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров эмнеден жаңылып жатат?

08.12.2020 13:09
4028
Садыр Жапаров эмнеден жаңылып жатат?

Президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, премьер-министр кызматын убактылуу токтотуп президенттик жарышка аттанган талапкер Садыр Жапаровдун бүгүнкү күндө жылдызы жанып турганы түшүнүктүү. Буга чейинки президенттик шайлоолордо да кайсыл талапкердин ооматы келип турганы алдын-ала эле белгилүү болуп калчу. Ошол сыяктуу бул жолкусунда Садыр Жапаровдун президент болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болуп турат. Буга анын акыркы сегиз жылдан бери оппозициячыл саясатчы болуп, бийликтин куугунтуктарына кабылып, түрмөгө отуруп чыкканы негизги трамплин болуп жатканын жашырууга болбойт. 


Башынан өтө оор сыноолорду өткөрүп, саясий куугунтуктарга кабылып, бийликтин позициясына туура келбеген көз караштарды кармангандардын чындыгы кандайча тебеленерин эң жакшы билип калды. Эл азыр дал ушундай ойдо. Анын башынан өткөргөн сыноолору келечеги үчүн сабак болду, анын ишмердүүлүгүн сындагандарды, башкача ойлонгондорду куугунтуктабайт деген бекем ишенимде болуп жатышат. Анан дагы тааныш-билиштикти, тууган-жердешчиликти жоюп, кадр саясатында татыктууларга гана басым жасап, өлкөнү өнүктүрүү жолуна салат деген үмүт артылууда. Ошондон улам 2021-жылдын 10-январында өтө турган шайлоодо Садыр Жапаров жеңиштин даамын татышы толук мүмкүн. 


Президенттик кызмат – бул албетте мамлекеттеги эң жогорку бийлик. Ошону менен катар эле мамлекеттин тагдыры, анда жашаган элдин тагдыры шайланган президенттин колуна түшөт. Эгерде Садыр Жапаров шайланып келсе, демек жогоруда айткан өтө чоң жоопкерчилик анын мойнуна илинет. Бул жолу жеңишке жеткен талапкерге суктанууга да болбойт. Себеби, өлкө өтө оор кырдаалда турат. Экономикалык жактан да, саясий жактан да. Талкаланган экономиканы кайра калыбына келтирип, коомдогу тартипсиздикти оңдоо оңой болбойт. Мындай кырдаалда элибизге, эң ириде саясатчылар арасында биримдик жана ынтымак керек. 


Тилекке каршы, Садыр Нургожоевич акыркы убактарда саясатчылардын башын кошуп, аларга үлгү болуунун ордуна, тескерисинче анын кадамдарын сынга алган саясатчылар менен кайым айтышууну адатка айлантты. Буга анын маалымат каражаттарына берген маектери, кайрылуулары мисал. Мындай кадамдары улуттук лидердин турпатына окшошпой жатканын моюнга алуу керек. 


Мисалы, Садыр Жапаровдун «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен сериалга айлана баштаган кайым айтышуусун айтсак болот. Адегенде аны менен беш жолу жолугушуу өткөрүп, анан пикирлери келишпей калган соң, «Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар алганы чын. Муну Кулов тасыктап берет. Ал болбосо Суваналиев тастыктайт. Мен да тасыктап берем» деп интервью берип чыкты. Андан кийин «Маевскийдин жакын адамы Модин досу экөө Кулов менен Суваналиевге келип: «Текебаевден 1 миллион долларыбызды алып бергиле» деп келгенин кайда катабыз?» деп чыкты. Ал ушуну Текебаевдин ишине далил катары көрсөткүсү келип турат. Албетте, бул 1 миллион доллар боюнча ишти тиешелүү укук коргоо органдары карашы керек. Соттун чечиминен кийин гана кимдир-бирөөнүн кылмышкер экенин ачык айтууга болот. Ага чейин эле «алганы чын» деп айтуу президент болом деген адамдын деңгээлинде эмес экенин эскертип койгонубуз туура болор. 


Анан дагы Конституция тегерегиндеги талаш-тартыштар боюнча да Садыр Нургожоевич салкын кандуу болуп койсо туура болмок. «Кайсыл Конституция менен жашаарыбызды эл чечет» деген гана жообу жетиштүү болот эле. 


Жогоруда айтып кеткенибиздей бүгүнкү күндө мамлекет өтө оор абалда. Бардык тараптан оор абалда. Мындай учурда Садыр Жапаров кырдаалды дагы-да курчутууга жол бербей, башка көз караштагы саясатчылар менен да тил табышуу жолун издеши керек. Өзү айтмакчы позициялар ар башка болушу мүмкүн, бирок мамлекетибиз бирөө гана. Ошол мамлекетти сактап калуу, өнүктүрүү үчүн кырчылдашкан саясий кырдаал тоскоолдук гана жаратат. Бийликке келүү, президент болуп шайлануу балким жеңил болушу мүмкүн, бирок аны сактап калуу алдаканча оор болорун буга чейинки жаңы тарых тастыктап турат. Садыр Нургожоевич үчүн булар сабак болушу керек.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Zh
Алга Садыр
Катича Акмат кызы
Чу ,дегенде эле тууган урук ,дос-жар ,кудаа-сооктор кызматка барды окшойт
Taalaibek Matai
Sagynbek baike, 2011jyly 4ygyp ketken 3 tonna altyn tuuraluu Tekebaevten bir surap korsonyz jakwy bolot ele.