Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров эмнеге Атамбаевди актоого, боштондукка чыгарууга жол ачып жатат?

02.12.2020 11:39
7026
Садыр Жапаров эмнеге Атамбаевди актоого, боштондукка чыгарууга жол ачып жатат?


Атамбаев Садыр Жапаровдун “сөөк өчтү душманы”. Анткени АША Жапаровду балдары, туугандары менен кошо камады. Камакта жаткан учурда  Жапаровдун үй-бүлөсүндө чоң жоготуулар болду...


Эми Жапаров тушунда АШАнын иши толугу менен кайра каралып, анын боштондукка чыгуусуна мүмкүнчүлүк ачылып олтурат. Анын себеби жана сыры эмнеде?


Ооба, Сооронбай Жээнбековго каршы күрөштө АША менен Жапаровдор сүйлөшүп, сырдашып жүрүшкөн. Анын себеби биргелешип абактан чыгуунун айласы болчу.


Азыр эмне болду? Эмнеге Жапаров АШАны толук актоого, боштондукка чыгарууга жол ачып жатат?


 Буга саясий кырдаал себеп болуп жаткандай.


Чүй өрөөнү ар дайым  мамлекеттик кызмат иерархиясында биринчиликти же экинчиликти кармап келген. Бишкек мэрилиги да алардын колунан чыккан эмес. ИИМ баш болгон күч структуралары да көбүнчө алардын колунда болуп келген.


Садыр Жапаров бул көнүмүштү бузду. Чүй учурда биринчи да эмес, экинчи да эмес, ал эмес Бишкек шаарын да алдырып койду. Ошондуктан чүйлүктөрдү нааразылык арбын деген күбүр-шыбыр кеп жүрөт.


Жапаров АШАны бошотуу менен мына ошол нааразылыкты кайсы бир деңгээлде жубатып, президенттик шайлоодо Чүйдөн добуш алууну көздөп жаткандай.


 Же булар Кумтөр сыяктуу ири иштерде да бирге болуп, "абысын" болуп алдыбы?...


Айданбек Акматов, журналист


Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Назакат Каландарова
Менин пикирим С Жаппаров жон эле кектешип,октошпой эле жагдайды тынчытмакчы...Атамбаевтен оч алганда эмне? Бул анын мунозуно тура келбеген корунуш деп ойлойм.Себеби ал намаз окуйт.Адамгердикти,айколдуктон баштап элди Бир бирине каршы койгусу келбегенинен ошул жолго Барган.Муну мусулманчылыктан кабары жок инсандар тушунбойт!!
Кожошева Жийдегул
Жон эле дооруй берсизбм
Венера
Айданбек Акматов деген акылы жок журналист регион суроолорун кот оруп элди бөлүнүү го алып келген маанайы жазыптыр Маселен мен ойлогон эмесмин, эми түрткү болду ушинтип ойлорго.. Мага окшогондор канча.. Атамбаев Антпей эле мыйзамдуу чыгат.. Эмне бизде мыйзам жокпу???
Таа
Олко кызыкчылыгы емес жеке кызыкчылыктар оюну