Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Алайдагы эл менен жолугушуусунда эстен танып жыгылып түшкөн кыздарга жолукту. Бул тууралуу журналист Жылдыз Бекбаева кабарлады.
“Садыр Жапаров Баткенде жүргөн жеринен кайра Ошко кайтып келип Алайдагы эл менен жолугушуусунда жыгылып түшкөн кыздарга жолугуп кетти. Акыркы 2 күн бою Садыр Нургожоевич ушул эки кыздын саламаттыгына аябай кыжаалат болуп бизден сураттырып жатты. Бүгүн болсо өзү лично кабыл алып кыздардын ал-жайын, ден соолугун сурап анан сапарын улап кетти. Алайдын кыздары Курманжан менен Аделаиданын саламаттыгы бүгүнкү күндө жакшы. Оштогу окуу жайларда 1-2-курста билим алышат”, - дейт ал.
Пикирлер (1)