Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоо фондуна кимдер акча которуп жатканы блюнча маалымат берди. Бул тууралуу ал Баткен эли менен жолгушуу учурунда айтты.
"Шайлоо фондунун ачылганына бир айдай болуп калды. Ага жалаң карапайым калк акча которуп жатат. Мына сиздерге окшогон эл ушул баланы колдойлу деп жатат. Пенсионерлер аталар, апалар колдоп жатат. Региондордогу плакаттарды ошол жердеги эл көтөрүп жатат",- деди Жапаров.
Пикирлер (1)