Бүгүн, 5-майда футзал боюнча "Мурас" достук турниринин финалдык беттештери өттү.
"Алга" командасы "Ыйман" командасын пенальти сериясында жеңип 3-орунду ээледи.
Финалда "Президенттин Администрациясы" жана "Жогорку Кеңеш" беттешти.
Оюнда президент Садыр Жапаров 3 гол киргизди. Ошондой эле депутат Дастан Жумабеков башы менен өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды.
Беттеш "Президенттин Администрациясынын" пайдасына 7:3 эсебинде чечилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн